• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Даяр болгон паспортту эс алуу күндөрү дагы алса болот

Коом 0

Бишкек, 14.12.18 /Кабар/. Даяр болгон паспортту эс алуу күндөрү дагы алса болот. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

2017-жылдын февраль айынан тарта Бишкектин төрт районунда калкты тейлөө боюнча кичи борборлор иштеп келет.

Чакан калкты тейлөө борборлорунда жарандар паспорт, жеке идентификациялык номер алуу, каттоого туруу, "балага сүйүнчүгө" арыз таштоо жана башка кызматтарын пайдалана алышат.

Мындай борборлор иш күндөрү жумуштан колу бошобогон жарандар үчүн пайдалуу. Мисалы, быйыл 10 ай ичинде ал борборлорго 16 миң жаран кайрылган. Анын аркасы менен ири тейлөө борборлорунда да кезекти азайтууга мүмкүн болгон.

Ал чакан тейлөө жайлары шаршемби-жекшемби күндөрү саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштешет.

Дареги:

  • “Ташрабат”, Горький көчөсү 1 "Г"
  • “Глобус”, Чүй проспектиси, ЖЭБнин тушунда
  • “Азия Молл”, Ч.Айтматов проспектиси 3
  • “Глобус” Ак-Босого конушу, Профессор Зима көчөсү 204/3.

Пикир

Оставить комментарий