• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкаттоо кызматы КР жарандыгын алган памир кыргыздары үчүн 60 ID-карт даярдады

Коом 0

Бишкек, 26.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстандын жарандыгын алган адамдар үчүн 60 ID-карт чыгарды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн Чүй облусунун Жайыл районунда Кыргызстандын 12 жараны КРнын жаранынын өздүгүн тастыктаган биринчи документин алышты.

Алар Афганистан Ислам Республикасынын Памиринен келишкен этникалык кыргыздар.

Кыргызстандын жарандыгын алып жаткандар үчүн ID-картты салтанаттуу тапшыруу КР өкмөтүнүн Чүй облусундагы өкүлү Э.Тентишев жана райондун акими Т.Ногоевдин катышуусунда Жайыл районундук мамлекеттик администрациясында өттү.

Ошондой эле, Нарын облусунда 4 памир кыргыздары КРнын ID-карт документин алышты.

Калган 44 кыргызстандык документтерин жакын арада Кыргыз Республикасынын резидентинин жарлыгын, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн социалдык жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча приоритеттүү чаралар планын ишке ашыруунун алкагында алышат.

КР президентинин жарлыгына ылайк, 106 этникалык кыргыз өлкөнүн жарандыгына кабыл алынды. Бул адамдардын бары КР мыйзамына ылайык жеңилдетилген тартипте КР жараны макамына ээ болушту.

Мамлекеттик каттоо кызматы өз кезегинде бул категориядагы адамдарды тез арада документтештирип, Кыргызстандын жаранынын өздүгүн тастыктаган паспортторду даярдаган.

Пикир

Оставить комментарий