• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкаттоо кызматы унааны сатууда жана сатып алууда кайра каттоодон өткөрүүнү сунуштайт

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматы унааны сатууда жана сатып алууда кайра каттоодон өткөрүүнү сунуштайт.

Мамкаттоо кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, «Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында транспорт каражаттарын сатуу жана сатып алуу боюнча бүтүмдү түзүүдө, сөзсүз түрдө «Унаа» мамлекеттик мекемесинин бөлүмдөрүндө автоунааны кайрадан каттоодон өткөрүү керек.

Автотранспорт каражатын ишеним кат боюнча сатып алуу жана сатууда ээси төмөнкүдөй терс кесепеттерге туш болот:

- менчик ээси транспорт каражатынын салыгына жана жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айыппулдарды төлөөгө жооптуу;

- автотранспорт каражаты катышкан кылмыш же жол кырсыгы катталса, унаа ээси жооптуу.

- ишеним кат менен автоунаа алуучу аны өзүнүн атына кайра каттата албайт;

- мыйзамдуу ээси каза болгон учурда, ишеним кат күчүн жоготуп, мурастоо учурунда көйгөйлөр келип чыгышы мүмкүн.

Мындан тышкары, жол эрежесин бузгандыгы үчүн айып пулду төлөө боюнча жоопкерчиликти унутпоо керек (жол эрежесин бузуу боюнча билдирүү автоунаанын расмий ээсинин дарегине да келет).

Ошондой эле сатып алууда чыр чыккан учурда, сатуучу тарабынан унаага берилген ишеним кат жокко чыгарылышы мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий