• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамкаттоо кызматынын бөлүм башчысы коррупцияга шектелип кармалды - УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Мамкаттоо кызматынын Бишкек шаардык транспорт каттоо жана айдоочулук курам боюнча бөлүмүнүн башчысы коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.Н. аттуу бөлүм башчысы унааларды каттоодо жана автомектептердин окуучулары айдоочулук күбөлүк алуу үчүн экзамен берүүдө жарандардан мыйзамсыз түрдө акчаларды алуу максатында коррупциялык схема түзгөндүгү аныкталган.

Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, териштирүү иштери жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий