• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкаттоонун башчысы автотранспортту каттоонун жаңы системасын текшерди

Коом 0

Бишкек, 4-июль /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев Чүй облусундагы транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоодон өткөрүү ишин текшерип чыкты. Бул тууралуу МККнын басма сөз кызматы билдирди.

3-июлдан тартып республикада транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоонун жаңы программасы ишке киргизилген.

Бүгүн Дастан Догоев Сокулук районунда жаңы система менен алган биринчи кардарга мамлекеттик номер жана каттоо документтерин тапшырды.

Автоматташтырылган маалымат системасы “Транспорт каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттаган” система улуттук “Таза коом” программасынын алкагында ишке ашууда. Ал транспорт каражаттарын, айдоочулардын курамын жана мамлекеттик каттоо номер белгилеринин бирдиктүү базасын түзүүгө шарт түзөт. Бул өз кезегинде унаа жана айдоочуларды каттоо тармагындагы коррупциялык көрүнүштөрдү азайтып, тейлөө кызматын жакшыртат.

Мамлекеттин алдындагы негизги тапшырмалардын бири катары жолдогу кырсыктардын санын азайтуу болуп эсептелгендиктен, мында бирдиктүү база өз жемишин берет деп ишендирет МКК.

Пикир

Оставить комментарий