• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамкаттоонун башчысы жасалма номер чуусуна байланыштуу комментарий берди

Коом 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов "Коопсуз шаар" камераларына түшүп калган жасалма мамлекеттик номер тагылган унаада ал өзү болгон деген окуя боюнча өз пикирин билдирди.

Белгилей кетсек, "Коопсуз шаар" камераларына унаасына жасалма мамлекеттик номерди тагып, жол эрежесин бузган жаран сүрөткө түшүп калган. Айрым ММКлар жасалма номер таккан айдоочу Каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетов болушу мүмкүн деп жазып чыгышкан.

Мамбетов бул окуя боюнча айрым ММКларды сотко берерин билдирди.

""Кактус медиа" менен соттошобуз. Учурда башка маалымат агенттиктерин карап жатабыз. Жеке адам катары сотко беребиз", - деди ал.

Аны менен бирге ал унаада ким отурганы эмес, жеке маалыматты ким чыгарганы маанилүү экенин айтты.

"Бүгүн ал мага катыштуу болсо, эртең башка тууралуу болот. Андан кийин маалыматтар сатылып, шантаж башталып, акырындап бизнеске айланат. Аны башынан эле токтотуу керек. Жеке маалыматтардын жайылышы менен мыйзам бузулууда. Мындай учурлар болбошу керек", - деди ал.

Ал маалыматтар Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборунан чыкканын айтып өттү.

"Ал жердеги камералар аркылуу сүрөттөрдү көчүрүп, сүрөткө тартып алган адамдарды таптык", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий