• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамкаттоонун коррупцияга айыпталган мурдагы кызматкерлери күнөөлүү деп табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 20.01.20. /Кабар/. Жаңы муундагы биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендерде коррупцияга шектелген Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку статс-катчысы Б.Д.Б., төрага орун басары С.Р.Р. жана “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын мурунку башчысы А.Т.Т. карата Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан өкүм чыгарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тергөө органдары тарабынан аталган кызматкерлер КР “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамын бузуп, мамлекеттин эсебинен жеке өздөрүнө материалдык пайда көрүү үчүн шарттарды түзгөндүгү аныкталды.

Жыйынтыгында, Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери КР Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 1-б. (Коррупция) боюнча күнөлүү деп табылып, жумшартуу шарттарын эске алуу менен С.Р.Р 270 000 сом, А.Т.Т. 270 000 сом, Б.Д.Б. 230 000 сом мамлекетке айып төлөө милдеттендирилди.

Аталган кызматкерлерге карата өкүм чыгарууда сот айыпталуучулардын кылмышты тергөөдө жана айкындоого багытталган келишимдин бардык шарттарын жана милдеттенмелерин так сактагандыгын, жана ошондой эле күнөөлөрүн толугу менен мойнуна алып, өкүнгөндүгүн эске алды.

Белгилей кетсек, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Мамлекеттик каттоо кызматынын мурунку төрайымы А.Шаикова коррупция боюнча айыпталып, азыркы учурда эл аралык издөөдө.

Учурда биометрикалык паспортторду даярдоодо бланктарды сатып алуудагы тендердеги коррупция фактысы боюнча бардык катыштыгы бар адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу багытында тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий