• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкурулуш: 2020-жылы 10 миңден ашуун сертификаттоо сыноолору жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 14.01.21. /Кабар/. Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо” Республикалык борборунун аккредитацияланган лабораториялардын адистери тарабынан 2020-жылы курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга – 10 879 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуштан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 2020 сертификациялык сыноолор, номенклатура боюнча: кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон конструкциялары, курулуш кургак аралашмалары, карапа кышы, болот арматуралары, жол материалдары үстөмдүк кылат; 8 859 көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор, номенклатура боюнча: кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, таш конструкциялары, арматурадан күрөөгө коюу буюмдары, темир бетон конструкциялары үчүн ширетилген арматура бирикмелери үстөмдүк кылат.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында баардыгы болуп 1 125 шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан 621 республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана 504 – республикага алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан:

- 29.01.2010 ж. №18 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын “Техникалык регламент. Курулуш материалдарынын, бюмдарынын жана конструкцияларынын коопсуздугу” талабына жооп берген – 1051 ш/с берилди;

- ТР ТС 014/2011 “Унаа жолдорунун коопсуздугу” Бажы уюмунун Техникалык регламентинин талабына жооп берген - 11 ш/с берилди.

Өз каалоосу менен ыктыярдуу түрдө сентификаттоо боюнча – 63 ш/с берилди.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын аралыгында 222 мекеме 958 ченемдик документтер менен камсыз болуп, 80 инженердик-техникалык жумушчу квалификациясын жогорулатты.

Пикир

Оставить комментарий