• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкурулуш: 4 айда 667 мамлекеттик квалификациялык сертификаттар берилген

Коом 0

Бишкек, 06.05.21. /Кабар/. 2021-жылдын 4 айдын ичинде курулуш тармагынын адистери үчүн 667 мамлекеттик квалификациялык сертификаттар берилген. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, регионалдык мааниси боюнча эң көп сертификаттарын Бишкек шаары боюнча – 388, Чүй – 46, Ош – 86, Жалал-Абад – 43, Ысык-Көл – 59, Нарын – 20, Талас – 19 жана Баткен боюнча адистер – 6 сертификат алышты.

Бардык иштин түрлөрү боюнча долбоорчуларга–200, излдѳѳчүлѳргѳ – 22, инжиниринг кызматы боюнча адистерге – 174, курулуш материалдарын жана конструкцияларды өндүрүү боюнча адистерге – 14, жана курулуш-монтаждоо иштери адистерге боюнча –257 квалификациялык сертификаттары берилген.

Белгилей кетсек, 53 адистерге компетентсиздикке байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган, биринчи жолу 364 адиске берилип жана квалификациялык сертификаттардын колдонуу мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу 303 адиске узартылган.

Пикир

Оставить комментарий