• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкурулуш 7 айда 596 курулуш материалдары үчүн шайкештик сертификатын берди

Коом 0

Бишкек, 04.08.21. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) “Курулушсертификаттоо” республикалык борборунун аккредитациаланган лабораторияларынын адистери тарабынан 2021-жылдын 7 айдын ичинде курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга 7650 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинен 1228 сертификациалык сыноолор, номенклатура боюнча кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, курулуш кургак аралашмалары, карапа кышы, болот арматуралары, жол материалдары үстөмдүк кылат, 6422 көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор, номенклатура боюнча кен эмес материалдар, бетон аралашмалары, бетон жана темир бетон контрукциялары, таш конструкциялары, арматурадан күрөөгө коюу буюмдары, темир бетон конструкциялары үчүн ширетилген арматура бирикмелери үстөмдүк кылат.

Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, бардыгы болуп 596 шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан 284 республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана 259 республикага алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген.

Пикир

Оставить комментарий