• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамкурулуш 8 айдын ичинде курулуш иштерине 378 лицензия тариздеди

Коом 0

Бишкек, 11.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 8 айынын ичинде Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жөнгө салуучу иш бөлүмү тарабынан өлкө аймагында курулуш ишин жүргүзүүгө 378 лицензия таризделген.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарына – 205, Чүй облусуна – 30, Талас облусуна – 8, Ысык-Көл облусуна – 10, Ош облусуна – 96, Баткен облусуна – 5, Жалал-Абад облусуна – 21, Нарын облусуна – 3 лицензия берилди.

Лицензиялардын жалпы санынан, 374 лицензия Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарына жана 4 жеке ишкерлерге берилген.

Белгилей кетсек, биринчи жолу 277 уюм лицензиясын алган, ал эми 4 уюмдун лицензиясы “Кыргыз Республикасынын аймагындагы чет мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары тарабынан таанылган лицензиялардын реестрине” киргизилген.

Отчеттук мезгилдин ичинде бардыгы болуп лицензия алуу боюнча 385 арыз кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий