• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Мамкурулуш 9 айда 127 объектиде инженердик текшерүү жүргүзгөн

Коом 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. 2021-жылдын 9 айында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин Жер титирөөгө туруктуу, курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 127 ар кандай багыттагы объекттердин инженердик текшерүүсүн жүргүзүп жана алар боюнча имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна техникалык корутундуларды берди. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Ошондой эле отчеттук мезгилде долбоорлоого 35 атайын техникалык шарттар иштелип чыккан жана берилген.

Андан тышкары, бүгүнкү күнгө институт тарабынан КР КК " Жылытуу, желдетүү жана абаны кондициялоо. Өрт коопсуздугунун талаптары", КР КК "Жылуулук менен камсыздоо автономдуу булактары" долбоорлоонун эрежелери", КР КК "Жылуулук электр станциялары" курулуш эрежелеринин биринчи редакциялары даярдалып, коомдук талкуудан өтүү үчүн ведомствонун расмий сайтында жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий