• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мамкурулуш 9 айда 1391 долборлоо-нарктоо иш кагаздарына экспертиза чыгарды

Коом 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экспертиза департаменти 2021-жылдын 9 айында 1391 долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарына техникалык-долбоорлоо экспертизасын жүргүзүп, алар боюнча корутундуу берилди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Департаменттин маалыматы боюнча, жалпы жыл башынан 1740 долбоорлоо-нарктоо иш кагаздары түшкѳн. Анын ичинен долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1391 даанасына экспертиза жүргүзүлгѳн, ал эми учурда 108 документтери каралууда, 241 долборлоо-нарктоо иш кагаздары кайра толуктап иштеш үчүн кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, бардык курулуш имараттар жана курулуш объектилери бекемдүүлүккө, көтөрүмдүү жөндөмдүүлүгүнө, туруктуулугуна, жер титирөөдө чыдамдуулугуна, узакка пайдаланууга, селге жана көчкү коопсуздугунан сактануу боюнча, жана ошондой эле техникалык эсептөө негизин камсыздоодо интенсивдүүлүгү 8, 9 жана андан көп баллга таасир берүүдө басым кылуу күчүнүн өзгөчө айкалышын камсыздоо боюнча экспертиза жургүзүүгө туш болушат.

Ошондой эле майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо чөйрөсүнүн талаптары (пандустар жана чакыруу баскычтары), ар дайым долбоорлоо учурунда ченем нормаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий