• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкурулуш агенттиги жыл башынан бери 448 лицензия жана 1152 сертификат тариздеди

Коом 0

Бишкек, 14.10.20. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) жыл башынан Кыргыз Республикасынын курулуш тармагында иш алып баруу үчүн 448 лицензия жана 1152 мамлекеттик квалификациялык сертификаттарды тариздеген. Бул тууралуу ведомствонун басм сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы 448 лицензиянын ичинен 322 уюм биринчи жолу лицензия алышкан.

Ошондой эле отчеттук мезгили боюнча курулуш тармагындагы адистерге 1152 мамлекеттик квалификациялык сертификат таризделген. Анын ичинен мөөнөтүү бүткөндүгү менен байланыштуу 676 сертификат узартып берилген жана 81 адиске компетенттүүлүгү жоктугуна байланыштуу сертификат берүүдөн баш тартылган.

Пикир

Оставить комментарий