• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамкурулуш агенттиги жыл башынан тарта 505 лицензия тариздеди

Коом 0

Бишкек, 16.11.20. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) жыл башынан Кыргыз Республикасынын курулуш тармагында иш алып баруу үчүн 505 лицензия тариздеген. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпы 505 лицензиянын ичинен 365 уюм биринчи жолу лицензия алышкан жана калган 140 компанияга жоопкерчилик деңгээлинин жогорулоосуна жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензиялар кайра таризделди.

“Бишкек шаарында – 282, Чүй – 37, Талас – 8, Ысык-Көл – 13, Ош – 125, Баткен – 8, Жалал-Абад – 26 жана Нарын облусу боюнча – 6 лицензия берилген. Жалпысы 10 ай ичинде лицензия алууга тууралуу 515 арыз кабыл алынган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий