• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамкурулуш агенттигин Урматбек Кокочаров жетектей турган болду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. Өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси болуп Кокочаров Урматбек Курманбекович дайындалды.

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, тиешелүү буйрукка бүгүн, 18-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Кокочаров буга чейин Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп эмгектенген.

Пикир

Оставить комментарий