• 82
  • 84.48
  • 1.35

Мамкурулуш: Баткен облусунда 5 кабаттуу үй мыйзамсыз курулуп жаткандыгы аныкталды

570 кароо Аймак 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Мамлекеттик курулуштун Баткен облусунун архитектуралык-курулуш көзөмөл башкармалыгы тарабынан мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын 60 жаш кыргызстан кѳчѳсүндѳ жайгашкан 5 кабаттуу турак үйдүн өз алдынча курулуш иштеринин башталышы жана санитардык-эпидемиологиялык ченемди сактабагандыгы тууралуу фактылар аныкталган. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, инспекторлор тарабынан курулуш-монтаждоо иштерин мыйзамсыз түрдө жана тийиштүү шаар куруу документтери жок жүргүзө баштаганы аныкталган. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган зарыл чараларды көрүү менен мыйзамдуу чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү сот органдарга жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, Мамкурулуштун архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы тарабынан жарандардын арыз жана прокуратура органдарынан түшкөн КР мыйзамдарын бузууларды жоюу боюнча жазма буйруктардын негизинде жүктөлгөн ыйгарым укуктардын алкагында ар дайым иш жүргүзүп келет.

Пикир

Оставить комментарий