• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамкурулуш Бишкекте жаңы футбол стадионун курууга даярдык иштерин баштады

Коом 0

Бишкек, 30.08.22. /Кабар/. КР министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттинин директору Нуртазин Жетибаев Бишкек шаарында жаңы футбол стадиону курула турган жерде курулушка даярдык иштеринин жүрүшүн текшерди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, учурда тосмо жана жер үстүндөгү конструкцияларды орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле долбоорлонуп жаткан футболдук стадиондун курулушунун варианттарын, анын ичинде чет элдик инвестицияларды тартуу менен кароо процесси жүрүүдө.

“Мамлекеттик курулуш жаңы стадион курула турган жерде курулушка даярдык иштерин баштады. Футбол стадионунун пландалып жаткан долбоору эл аралык талаптарга жооп бергендей болуш керек”, - деди Жетибаев.

Пикир

Оставить комментарий