• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамкурулуш энергиялык натыйжалуулук жаатында адистерди аккредитациялоо боюнча арыздарды кабыл алууну баштайт

Коом 0

Бишкек, 20.06.21. /Кабар/. Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги имараттарды энергетикалык сертификациялоо жана казандардын, жылуулук системасынын жана ысык суу менен жабдуунун энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгил менен контролдоо боюнча көз карандысыз адистерди мамлекеттик аккредитациялоо боюнча талапкерлерден табыштама (заявка) кабыл алууну баштайт.

Имараттарды энергетикалык сертификациялоо – A баштап G чейинки шкала боюнча имараттардын энергетикалык натыйжалуулугунун классын аныктоо. “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө” КР Мыйзамына ылайык бул жааттагы иштер энергетикалык ресурстарды натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдалануу, имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды колдоо жана дем берүү, СО2 эквивалентинде парник газдарын чыгарууну төмөндөтүүнүн негизинде ишке ашырылат.

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча адистигине карата талапкер билими жана тажрыйбасы боюнча төмөнкү талаптарга туура келиши керек:

- Энергетика, жылуулук менен жабдуу жана/же турак жай – жарандык курулуш жаатында жогорку техникалык билимге;

- Энергетика, долбоорлоо, курулуш, эксплуатация, имараттын тышкы тосмо конструкцияларын жана анын инженердик-техникалык системасын баалоо жана эсептөө, энергетикалык керектөө боюнча имараттын өзгөчөлүгүн жана касиетин талдоо жаатында 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы.

Казандардын, жылытуу системасынын жана имараттарды ысык суу менен жабдуунун энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгил менен контролдоо боюнча адистигине карата талапкер билим жана тажрыйбага карата төмөнкү талаптарга туура келүүсү зарыл:

- электр-, жылуулук-, газ менен жабдуу, вентиляция же турак жай –жарандык курулушу жаатында жогорку техникалык же орто кесиптик билими;

- долбоорлоо, курулуш, эксплуатация, имараттын, анын казандарынын, жылытуу системасынын жана ысык суу менен жабдуу системасы жаатында 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы.

Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу боюнча жана казандардын, жылытуу системасынын жана имараттарды ысык суу менен жабдуунун энергетикалык натыйжалуулугун мезгил-мезгил менен контролдоо боюнча адистигине талапкердин билими жана тажрыйбасына карата талаптар менен “Имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу” бөлүгүндөгү http://gosstroy.gov.kg/ru/ расмий сайттан толук таанышса болот.

Тагыраак маалымат алуу үчүн эксперттик комиссиянын катчысына төмөнкү телефон боюнча 0 (312) 31-31-01 кайрылууга же 313101jkh@gmail.com. электрондук почтага суроо узатууга мүмкүн.

Тестирлөөнү ѳткѳрүү күнү жана орду жѳнүндѳ кийинчерээк маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий