• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкурулуш: Кыргызстанда жыл башынан бери 65 объектиге инженердик текшерүүлѳр жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Кыргызстанда жыл башынан 65 объектиге инженердик текшерүүлѳр жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 5 айында КР Транспорт архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлигинин жер титирөөгө туруктуу, курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту 65 ар кандай багыттагы объекттердин инженердик текшерүүсүн жүргүзүп жана алар боюнча имараттардын жана курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугуна техникалык корутундуларды берди.

Ошондой эле отчеттук мезгилде долбоорлоого 10 атайын техникалык шарттар иштелип чыккан жана берилген.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө институт тарабынан “От казаны орнотмолору” жана КЧ-58-75 “Жылуулук электрстанциялары” ченемдик документтерин актуалдаштыруу жана иштеп чыгуу боюнча долбоорлор даярдалган.

Андан сырткары “Жылуулук, желдетүү жана абаны кондициялоо” КЧ боюнча башка өлкөлөрүнүн ченемдик документтерине талдоо жүргүзүлүүдѳ.

Пикир

Оставить комментарий