• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамкурулуш: Өткөн жылы бюджеттен 367 объектке 2,7 млрд сом каржыланган

Экономика 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. 2021-жыл ичинде республикалык бюджеттин эсебинен 367 объектке 2 млрд 749 млн 400 миң сом каржыланып, капиталдык курулуш жана оңдоп-түзөө жумуштары толук кандуу аткарылды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун биринчи орун басары Самат Бөрүбаев билдирди.

Анын айтымында, жылдын жыйынтыгы менен 109 объект (85 капиталдык курулуш жана 24 оңдоп-түзөө объекттери) бүткөрүлдү.

“Бул мектеп, бала бакча, оорукана, ФАП, маданият үйлөрү, театр, спорткомплекс, стадиондор жана башка ар түрдүү социалдык-маданий багыттагы объекттер. “Бирдиктүү заказчы” катары иштеп баштаган мезгилден бери Мамкурулуш республикалык бюджеттин жана башка каржылоо булактарынын эсебинен 862 объектти бүткөрүп пайдаланууга тапшырган. Анын ичинде 721 курулуш объектиси жана 141 оңдоп-түзөө объектиси бар. Бул объекттердин жалпы наркы 30 млрд 995 млн 900 миң сомду түзөт”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий