• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкурулуш тогуз айда 1,2 миң долборлоо-нарктоо иш кагаздарына экспертиза жүргүзүлдү

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Мамкурулуштун мамлекеттик экспертиза департаментине 2021-жылдын тогуз айында долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1 миң 602 даанасы түштү. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1 миң 215 даанасына техникалык-долбоорлоо экспертизасы жүргүзүлүп,129 документ каралууда. Ал эми 258 долборлоо-нарктоо иш кагаздары кайра толуктап иштеш үчүн кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, бардык курулуш имараттар жана курулуш объектилери бекемдүүлүккө, көтөрүмдүү жөндөмдүүлүгүнө, туруктуулугуна, жер титирөөдө чыдамдуулугуна, узакка пайдаланууга, селге жана көчкү коопсуздугунан сактануу боюнча жана ошондой эле техникалык эсептөө негизин камсыздоодо интенсивдүүлүгү 8, 9 жана андан көп баллга таасир берүүдө басым кылуу күчүнүн өзгөчө айкалышын камсыздоо боюнча экспертиза жүргүзүүгө туш болушат.

Ошондой эле майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо чөйрөсүнүн талаптары (пандустар жана чакыруу кнопкалары), ар дайым долбоорлоо учурунда ченем нормаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий