• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамкурулуш жана Архитекторлор кеңеши кызматташтыкты күчөтөт

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) директору Мырзабек Жыпаркулов Кыргызстандын Архитекторлор кеңешинин башкармалыгынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө Мамкурулуш жана Архитекторлор кеңешинин кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды.

Мамкурулуштун башчысы Архитекторлор кеңешинин шаар куруу саясатын калыптандырууда жана архитектуралык чөйрөнү өнүктүрүүдө өзгөчө маанисин баса белгиледи. Өз кезегинде, Архитекторлор кеңешинин мүчөлөрү заманбап архитектуралык чечимдерди жайылтуу жана колдонуу жаатында тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен кызматташтыкты күчөтүүнү, ошондой эле тараптардын ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү боюнча кийинки кадамдар тууралуу макулдашты.

Пикир

Оставить комментарий