• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкурулуш жыл башынан тарта 1,5 миң долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарына экспертиза жүргүздү

Коом 0

Бишкек, 14.12.21. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин мамлекеттик экспертиза департаментине 2021-жылдын 11 айында долбоорлоо - нарктоо иш кагаздарынын 1 866 даанасы түшүп, анын ичинен долбоорлоо-нарктоо иш кагаздарынын 1512 даанасына техникалык-долбоорлоо экспертизасы жүргүзүлгѳн. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирет.

Учурда 100 документ каралууда, ал эми 254 долборлоо-нарктоо иш кагаздарынын кайра толуктап иштеш үчүн кайтарылып берилген.

Белгилей кетсек, бардык курулуш имараттар жана курулуш объектилери бекемдүүлүккө, көтөрүмдүү жөндөмдүүлүгүнө, туруктуулугуна, жер титирөөдө чыдамдуулугуна, узакка пайдаланууга, селге жана көчкү коопсуздугунан сактануу боюнча, жана ошондой эле техникалык эсептөө негизин камсыздоодо интенсивдүүлүгү 8, 9 жана андан көп баллга таасир берүүдө басым кылуу күчүнүн өзгөчө айкалышын камсыздоо боюнча экспертиза жүргүзүүгө туш болушат.

Ошондой эле майыптардын жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоо чөйрөсүнүн талаптары (пандустар жана чакыруу кнопкалары), ар дайым долбоорлоо учурунда ченем нормаларын эске алуу менен жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий