• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкурулуш жыл башынан тарта 262 лицензия тариздеген

Коом 0

Бишкек, 09.06.22. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) жыл башынан тарта мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 262 лицензия тариздеген. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, юридикалык жактарга 260 жана 2 жеке ишкерге лицензия берилген. 183 уюм биринчи жолу лицензия алса, 79 уюм аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен.

Бишкек шаарында - 137, Чүй облусунда - 18, Талас облусунда - 4, Ысык-Көл облусунда -14, Ош облусунда– 63, Баткен облусунда - 2, Жалал-Абад облусунда – 15 жана Нарын облусунда – 9 лицензия берилген.

Пикир

Оставить комментарий