• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамкурулуш жыл башынан тарта 387 шайкештик сертификатын берди

Коом 0

Бишкек, 08.06.21. /Кабар/. Мамкурулуштун “Курулушсертификаттоо” республикалык борборунун аккредитацияланган лабораториялардын адистери тарабынан 2021-жылдын 5 айынын ичинде курулуш материалдарына, буюмдарга жана конструкцияларга 4990 сертификаттоо, көзөмөлдөө жана жеринен сыноолор жүргүзүлдү.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында бардыгы болуп 387 шайкештик сертификаты берилип, мамлекеттик реестрге киргизилди.

Берилген сертификаттардын жалпы санынан 159 республикада өндүрүлгөн курулуш продукциясына жана 183 – мамлекетке алып келинүүчү курулуш продукциясына берилген.

Белгилесек, 194 билдирүүчү-организациялардын суроо-талаптарынын негизинде 3895 шайкештик сертификаттардын көчүрмөлөрү берилип, 88 мекеме 434 ченемдик документтер менен камсыздалган. Ошондой эле, борбордон 38 адам окуп жана квалификациясын жогорулатты.

Пикир

Оставить комментарий