• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамкурулуштун башчысы Бишкектеги мектептердин курулушунун жүрүшүн текшерди

Коом 0

Бишкек, 19.07.22. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Бишкектин Арча-Бешик жаңы конушундагы мектептин жана №61 мектептин кошумча окуу корпусунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Алгач Жетыбаев №61 мектептин кошумча окуу корпусунун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Эске салсак, 375 окуучулук орунга эсептелген объекттин сметалык наркы 917 миң 176 долларды түзөт. Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт.

Андан соң, Мамкурулуштун директору Арча-Бешиктеги мектептин курулушунун жүрүшүн текшерди. Бул мектеп 500 окуучулук орунга эсептелген, бул калктуу конушта 1 миңден ашык окуучуну окутууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Белгилей кетсек, бул объекттин сметалык наркы 1 млн 230 миң 986 долларды түзөт. Иштин бекитилген графигине ылайык, курулуш жаңы окуу жылына карата бүткөрүлөт.

Инспекциянын жыйынтыгы боюнча директор тарабынан курулуш темпин тездетүү, болгон кемчиликтерди жоюу жана жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына көзөмөлдү күчөтүү тапшырмалары берилген.

Пикир

Оставить комментарий