• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Мамкурулуштун башчысы кыз-келиндер үчүн күрөш залынын курулушу менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 27.06.22. /Кабар/. 26-июнда Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Бишкек шаарынын "Жаштык" спорт комплексинде кыз-келиндер үчүн күрөш залынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган залдын курулушу бюджеттин эсебинен апрель айында башталган. Спорткомплекс 3 кабаттуу жана цоколдук кабаты менен долбоорлонгон, жалпы аянты 1875,2 чарчы метрди түзөт.

"Долбоорго ылайык, имаратта спортчуларды машыктыруу үчүн бардык заманбап шарттар каралган. Имарат 30 спортчуга ылайыкталып, толугу менен жабдылган күрөш жана тренажердук залдар, калыбына келтирүүчү медициналык бөлмөлөр, машыктыруучулар үчүн кабинеттер, душ кабиналары каралган. Ошондой эле спортчулар үчүн салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүчү зал, ашканасы жана уктоочу бөлмөлөр бар", - деп айтылат маалыматта.

Азыркы мезгилде подряддык уюм тарабынан имараттын цоколдук кабатынын бетон жумуштары бүткөрүлүп, биринчи кабатынын бетон тосмосун куюу үчүн калыптарын орнотуу жумуштары аткарылып жатат.

Белгилей кетсек, объекттин сметалык наркы 98 млн 677 миң 220 сомду түзүп, 2022-жылы курулушту аягына чыгаруу үчүн 95 млн 911 миң 200 сом каралды. Объектти үстүбүдөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда.

Белгилегендей, курулуштун жүрүшү Мамкурулуштун башчысы жеке көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, кыз-келиндер күрөшү боюнча курама үчүн спортзалдын курулушу ушул жылдын апрель айынын аягында башталып, ага президент Садыр Жапаров капсула салган.

Пикир

Оставить комментарий