• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкурулуштун башчысы Сокулукта эл менен жолугуп, көйгөйлөрүн угууда

Коом 0

Бишкек, 23.03.23. /Кабар/. КР Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркуловдун Чүй облусундагы жумушчу сапары башталды. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жумушчу сапарынын жүрүшүндө Чүй облусундагы социалдык объектилердин курулушу менен таанышып, Мамлекеттик курулуш агенттигинин аймактык бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн текшерет.

Биринчи кезекте Мамкурулуштун башчысы инспекция менен Сокулук районунун архитектура жана шаар куруу башкармалыгына келип, башкармалыктын иши менен таанышты.

Ошондой эле Жыпаркулов Сокулук районунун жашоочулары менен жолугушуп, жарандардын жер мунапысына байланыштуу суроолорун угуп, райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына жер мунапысынын алкагында документтерди даярдоо процессин тездетүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий