• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамкурулуштун башчысы Жетыбаев Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 21.10.22. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев 20-октябрда Дүйнөлүк банктын адистер тобу менен жолугушту.

Мамкурулуш агенттигинен билдиришкендей, жолугушууга суу ресурстарын башкаруу маселелери боюнча алдыңкы адис жана эксперттердин жумушчу тобунун жетекчиси Азад Абдулхамид катышты.

Жолугушуу улуттук суу ресурстарын башкаруу боюнча долбоорду жана климаттын өзгөрүшүнө туруктуу суу чарба кызматтарын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруунун алкагында өттү.

Анын жүрүшүндө долбоордун ишке ашырылышынын жүрүшүн баалоо жана пайда болгон негизги кыйынчылыктар, долбоорду сунуш кылган реструктуризацияны талкуулоо, долбоордун ишин жана фидуциардык аспектилерди башкарууга сереп салуу, ошондой эле негизги иш-аракеттерди жана кийинки кадамдарды макулдашуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар коюлган маселелерди тез арада чечүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий