• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкурулуштун директору Чүй облусундагы мектептердин курулушу менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 04.07.22. /Кабар/. 2-июлда Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев Чүй облусунун Беловодское жана Ак-Башат айылдарында мектептердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мамкурулуштун басма сөз кызматы билдиргендей, жетекчи алгач Беловодское айылындагы 750 орундуу "Биринчи май" мектебинин курулушунун жүрүшүн текшерди. Объекттин курулушу 2015-жылы башталган, долбоор боюнча сметалык наркы 163 733,5 миң сомду түзөт. Подряддык уюм ЖЧК "Дост-Строй" болуп саналат.

Объектти текшерүү учурунда Мамкурулуштун башчысы "Дост-Строй" подряддык уюмунун өкүлүнө обьектти жасалгалоо жана көрктөндүрүү сапатынын талаптарына ылайык келбегендиги үчүн эскертүү берип, бир катар кемчиликтерди көрсөттү. Чүй облусу боюнча капиталдык курулуш башкармалыгына курулуштун жүрүшүн өзгөчө көзөмөлгө алуу тапшырмасы берилди. Объект аяктоо баскычында турат жана окуу жылынын башталышына чейин тапшыруу пландалууда.

Андан соң Жетыбаев Ак-Башат айылындагы 225 орундуу мектептин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мектептин курулушу 2013-жылы Түркия Республикасынын кредитинин каражаттарынан, андан ары республикалык бюджеттин каражаттарынан башталган.

Ак-Башат айылындагы мектепти текшерүүнүн жүрүшүндө Мамкурулуштун башчысы жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин сапатына оң баа берип, социалдык объекттерди куруунун сапатына заманбап стандарттарга жооп берген жогорку талаптар коюлууга тийиш экендигин белгиледи.

Долбоор боюнча сметалык наркы 100 108,7 миң сом; подряддык уюмдар: курулуштун 1-этабында "Анас-Строй" ЖЧКсы, курулуштун 2-этабында "Дост-Строй" ЖЧКсы, курулуштун 3-этабында "Төөлөс-Строй" ЖЧКсы. Объект аяктоо баскычында турат жана окуу жылынын башталышына чейин тапшыруу пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий