• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкурулуштун орун басары боюнча сунуштама өкмөт башчыга киргизиле элек

Кадр саясаты 0

Бишкек, 26.02.18. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бакытбек Абдиев бүгүн өкмөт башчыга өзүнүн орун басары Алмазбек Абдыкаровду ээлеген кызматынан бошотуу боюнча сунуштама киргизет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Абдиев өзү билдирди.

Анын айтымында, Абдыкадыров өзү да кызматтан кетүү боюнча арыз жазган.

“Бүгүн көрсөтмө премьерге киргизилет. Абдыкадыров үч жолу сөгүш алган”,-деди ал.

Эске сала кетсек, 22-февралда өкмөттүн жыйынында Исаков Абдыкадыровду бир нече жолу сөгүш алганына байланыштуу кызматтан алуу боюнча ага сунуштама киргизүүнү тапшырган.

Пикир

Оставить комментарий