• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамкызматкерлер 1-июлга чейин мурда берилген салык декларациясына өзгөртүүлөрдү киргизе алышат

Экономика 0

Бишкек, 27.06.19. /Кабар/. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер мыйзамга ылайык, 1-июлга чейинки мөөнөттө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча мурда берилген Бирдиктүү салык декларациясына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү укугунан пайдалана алышат.

Мамлекеттик салык кызматынан кабарлашкандай, мурдагы декларациялык кампаниянын жыйынтыгы көрсөткөндөй, айрым декларанттар тарабынан салык декларацияны туура эмес толтурулган учурлар кездешүүдө. Ушуга байланыштуу, аларда киреше салыгы боюнча карыздары пайда болууда, ошондой эле, декларанттын жана анын жакын туугандарынын активдери (акча каражаттары, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрү ж.б.) толугу менен чагылдырылбай калган.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды зарыл болгон учурда такталган декларацияны жогоруда көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөнгө чейин берүүгө чакырат.

Эске сала кетсек, 2019-жылдын 1-июлунан тартып МСК өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча үстүбүздөгү жылы берилген мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын декларацияларын иштеп чыгуу жана талдоо боюнча иштерди баштайт.

Белгилей кетсек, бул жылы 58 миң 365 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер Бирдиктүү салык декларациясын электрондук түрдө тапшырышкан.

Пикир

Оставить комментарий