• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамкызматтар порталы жыл аягына чейин ишке кириши керек – Боронов

Коом 0

Бишкек, 20.12.18. /Кабар/. Мамлекеттик кызматтар порталы жыл аягына чейин ишке кириши керек. Бул тууралуу мамлекеттик органдардын жетекчилери үчүн уюштурулган "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз-ара аракеттешүү системасы аркылуу электрондук башкаруу" темасындагы семинарда биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтуусунда, мамлекеттик электрондук кызмат системасына 189 кызмат кириши керек.

Боронов маморгандар порталдын адистерине кызматтардын тизмесин бериши керектигин баса белгиледи.

“IT – адистер кайсы орган кайсы билдирмерди берээри тууралуу билишпейт, ошол себептен аларга жардам берүү керек", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий