• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке даярдоодо көмөктөшөт

Билим 0

Бишкек, 13.12.21. /Кабар/. Мамлекет аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке даярдоодо көмөктөшөт. Бул тууралуу президент кол койгон “Башталгыч, жалпы негизги жана орто жалпы билим алууга балдардын конституциялык укуктарын камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкта айтылат.

Жарлыкка ылайык, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө турмуштук оор кырдаалда калган (балдарын кароо жана мектепте окутуу үчүн финансылык каражаттары жок) аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жана балдарды таап жана зарыл болгон кийимдерди, мектеп формасын жана мектептик окуу-буюмдарын сатып алууда аларга жардам көрсөтүү тапшырылган.

"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчылары жана жалпы билим берүү мектептеринин директорлору жалпы билим берүү мектептерине балдардын баруусун системалуу түрдө талаптагыдай контролдоону камсыз кылсын", - деп айтылат жарлыктын текстинде.

Пикир

Оставить комментарий