• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Мамлекет башчы КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 05.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын судьялары менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысы сотторду жана кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады.

Президент Кыргызстан укуктук мамлекет курууга умтулуп жаткандыгын жана өлкөдө мыйзамдын үстөмдүгү болушу керектигин баса белгиледи.

“Жарандардын конституциялык укуктарын коргоо мамлекет үчүн артыкчылыктуу милдеттердин бири болууга тийиш. Өлкөнүн Баш мыйзамы – өлкөдөгү мыйзамдуулукту сактоонун башкы кепилдиги”,- деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы конституциялык ченемдерди бекем сактап, өлкөдө саясий туруктуулукту камсыз кылууда Конституциялык палатанын сотторунун жоопкерчилиги жогору экендигин баса белгиледи.

Ошону менен бирге жарандардын саясий укуктарын жана эркиндигин, өлкөнүн бүтүндүгүн сактоодо аларга негизги милдеттер жүктөлгөндүгүн белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков мыйзамдарды бекем сактап, конституциялык принциптерден жана ченемдерден тайбай, адилет чечимдерди кабыл алуунун мааниси тууралуу эскертти.

“Биздин өлкөдө мыйзам баарынан бийик, мыйзам алдында баары бирдей болууга тийиш”, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Пикир

Оставить комментарий