• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Мамлекет башчысы Алтай цивилизациясын изилдөөдө Айтматовдун ролун баса белгиледи

Президент 0

Бишкек, 27.08.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков алтай элдеринин мурасын кийинки урпактарга өткөрүп берүүдө белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ролун баса белгиледи.

Бүгүн Алтай тектүү элдердин тарыхын жана маданиятын изилдөөчүлөрүнүн эл аралык 61-туруктуу конференциясынын ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып мамлекет башчысы ушул тапта эл аралык деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык маарекеси белгиленип жатканын сыймыктануу менен билдирди.

“Мен быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси белгиленип жаткандыгын сыймыктануу менен айтып өткүм келет. Чыңгыз Айтматов өз элинин тарыхый тек жайы, ата-бабасынын мекени болгон Алтайга абдан кызыкка. Биздин жердешибиз кыргыз элинин Алтайдагы жашоо доору жөнүндө көп тарыхый маалыматтарды иликтеп, аларды көркөмдүк жактан кайра иштеп чыккан”, - деди мамлекет башчысы.

Пикир

Оставить комментарий