• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекет башчысы өзүнүн күн тартиби тууралуу айтып берди

Президент 0

Бишкек, 19.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков өзүнүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында күн тартиби тууралуу айтып берди.

Анын айуусунда, ал жумушка 7:30да келет.

”Аппараттын кызматкерлери келгиче өзүм иштейм. Бир саат китеп окуп, даярданам. Андан кийин аппарат менен иштейм. Кетээрде маалыматтарды алам”, - дейт ал.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, үй-бүлөсүн көрүүгө убакыты жок.

“Мен алар тууралуу ойлобойм. Алар өзү менен өзү. Биз бир гана учурашып, анан бирге кечинде тамактанабыз. Ошондой эле мен мурун той, аштарга көп барсам, азыр убакыт жетпейт”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий