• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын АМТсынын жумушчу версиясы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 14.05.21. /Кабар/. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын Автоматташтырылган маалымат тутумунун (МКЮЖ АМТ) жумушчу версиясы иштелип чыкты. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, ведомстводо аталган системанын жумушчу версиясынын бет ачары болду.

МКЮЖ АМТ түзүүнүн негизги максаты - мамлекет кепилдеген квалификациялуу юридикалык жардамды көрсөтүүдө иш процесстерин автоматташтыруучу программалык комплексти киргизүү болду: бул - жарандардын юридикалык жардам алууга берген арыздарын электрондук форматта каттоо, квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн адвокатты электрондук түрдө дайындоо, юридикалык жардам алгандар менен байланышта болуу (юридикалык жардам алуучунун ага канааттангандыгы), көрсөтүлгөн квалификациялуу юридикалык жардам үчүн адвокаттарга акыны өз убагында жана ачык айкын эсептөөнү камсыз кылуу; укук коргоочу жана сот органдарынын жардамга муктаж адамды система аркылуу ыкчам түрдө квалификациялуу юридикалык жардам менен камсыздоосу.

Ошондой эле МКЮЖ АМТ бул системаны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү автоматташтырылган системасы жана мамлекеттик органдардын башка автоматташтырылган маалыматтык тутумдары менен синхрондоштурууга мүмкүндүк берет.

Азыркы учурда МКЮЖ АМТ жумушчу версиясы сыноодон өткөрүлүп жатат жана ушул жылдын ичинде аны бүткүл республика боюнча ишке киргизүү пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий