• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүгүнө мамлекет өзгөчө көңүл бурушу керек – Жапаров

Президент 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүгүнө мамлекет өзгөчө көңүл бурушу керек. Бул тууралуу КР президенти Садыр Жапаров бүгүн “Балдарга жана жаштарга ыңгайлуу шаар” сынагынын катышуучуларын сыйлоо аземинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын калкы 6 млн 256 миң 730 адамды түзөт. “Анын ичинде жаштар 1 млн 610 миң 309 адамды же калктын жалпы санынын 26 пайызы. Ошол эле учурда жаштардын саны азайган тенденция байкалууда. Жергиликтүү эмгек рыногу бардык жаштарды иш менен камсыз кыла албайт. Бул аларды эмгек миграциясына кетүүгө мажбур кылып жатат”, - деди президент.

Ошондуктан, Садыр Жапаров баса белгилегендей, жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүгүнө мамлекет өзгөчө көңүл бурушу керек.

"Кыргыз Республикасынын жаш жарандарын руханий-адептик жактан тарбиялоо жана өркүндөтүү өсүп келе жаткан муундун ата-бабалардын мурасына, тышкы дүйнө менен өз ара мамилелерине жана өз чечимдерине болгон жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандырууга багытталууга тийиш. Анткени мындай тарбия жаш муунга адеп-ахлакты сиңирүү менен нарктуу инсанды, коомдун толук кандуу мүчөсүн, бекем үй-бүлөнү кура алган жоопкерчиликтүү жаранды калыптандырууга зор салымын кошот", — деп билдирди президент.

Пикир

Оставить комментарий