• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекетке 1,3 млн сом зыян келтирилген. Өлкөгө мыйзамсыз унааны алып келген шектүү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 04.03.21. /Кабар/. Кыргызстанга аткезчилик жолу менен жүк ташуучу унааны алып келүүгө шектелип Чүй облусунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирет.

Билдирүүдө айтылгандай, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан Жазык кодексинин 270-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилеринин негизинде ("Аткезчилик") сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

"2002-жылы Ысык-Ата районунда "Унаа" мамлекеттик мекемесинде Volvo FH12 420 жүк ташуучу унааны мыйзамсыз каттоо боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Жүктүн бажы декларациясы боюнча, жүк ташуучу унаа жана прицеп Литвадан келген, бирок Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат базасында унаанын бажы жагынан таризделиши жөнүндө маалыматы жок", - деп айтылат маалыматта.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке келтирилген материалдык зыян 1 миллион 315 миң сомдон ашык суммага бааланган.

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери кылмышка шектүү катары Ысык-Ата районунун 53 жаштагы А.Н. аттуу тургунун кармашкан.

Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда мыйзамсыз ишке башка адамдардын катыштыгы текшерилүүдө.

Пикир

Оставить комментарий