• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Зыян 8,8 млн сом. ЕБ аймагынан Кыргызстанга 10 атайын техника мыйзамсыз алынып келген

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бажылык укук бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Европа биримдигинин аймагынан Кыргызстандын аймагына “Б.В.Р.” ЖЧКнын дарегине Volvo үлгүсүндөгү 10 бирдик атайын техника алынып келген.

Жүк коштоочу документтерин текшерүүдө аталган компания тарабынан ТЭИ ТН боюнча товардык коду жөнүндө жалган маалымат берилгендиги аныкталган. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 8 млн 813 миң 429 сомду түздү.

Аталган факт боюнча материалдар процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий