• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекетке керектүү адам экендигин далилдей алды. Бексултан Жакиевге жазылган некролог

Коом 0

Бишкек, 25.04.21. /Кабар/. 2021-жылдын 25-апрелинде катуу оорудан улам Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, III даражадагы «Манас» ордени жана «Даңк» медалынын ээси Бексултан Жакиев 85 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бөкөнбаев айылында туулган.

Ал 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 1960-1962-жылдары Москвадагы киносценаристтердин эки жылдык жогорку курсунда окуган.

Эмгек жолун «Кыргызфильм» киностудиясында редакторлуктан баштаган. Андан кийин 1963-1968-жылдары Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинде, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун секретары, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору кызматтарын аркалаган. Ошондой эле 1994-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы боюнча комитеттин төрагасы болгон.

Бексултан Жакиев «Атанын тагдыры» аттуу алгачкы драмасы менен адабияттын астанасын аттаган. «Атанын тагдыры» аттуу чыгармасы менен автор кыргыз адабиятына, театр жаатына жаңы дем, жаңы мазмун, ой киргизип, коомчулукта чоң резонанс жараткан. Ушул күнгө чейин аталган драма Кыргыз улуттук академиялык драма театрында 500дөн ашык жолу, ал эми Казакстандын Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей театрларында 300дөн ашык жолу кайра-кайра коюлган. «Атанын тагдыры» драмасы боюнча опера (В. Гусев), «Саадак какты» драмасы боюнча балет (Э. Жумабаев) коюлган.

Бексултан Жакиевдин адам турмушунун ар кыл жагдайларына арналган курч жана актуалдуу, жашоонун чындыгын ачып берген «Миң кыял» (1964), «Алтын аяк» (1967), «Өкүм (1972), «Эртең — жаңы жыл» (1975), «Жолугушуу» (1979), «Күттүргөн жаз да келээр» (1981), «Саадак какты» (1982), «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай» (1989), «Жаза» (1990) жана башка драмалары да элдин сүйүп, издеп окуган чыгармаларына айланган. Мындан сырткары бир катар новелла, аңгеме, очерк, киносценарийлердин да автору («Азамат Алтай», «Бороондуу жолдо» (1965), «Встреча в городе ветров» (1969).

Бексултан Жакиевдин айрым чыгармалары орус, якут, казак жана башка тилдерге которулган жана чет өлкөлөрдүн театрларында бүгүнкү күндө да коюлууда.

Көп кырдуу талант катары белгилүү чет элдик жазуучулар Б. Брехттин, С. Михалковдун, М. Ауэзовдун драмаларын кыргыз тилине которуп, кыргыз котормо адабиятына чоң салым кошкон.

Коомдук ишмер, мекенчил жаран катары Б. Жакиев 2000-2003-жылдары даярдаган кыргыздын манасчылык, төкмөчүлүк өнөрлөрү боюнча сунушу ЮНЕСКО тарабынан «Адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври» деп таанылып, Парижде расмий жарыяланып, колдоого алынган.

Бексултан Жакиев башында драматург катары таанылса, кийинки мезгилдерде, элди руханий кризис мөгдөтүп турган учурда публицистика аркылуу коомду агартууга өз салымын кошуп келаткандардын башкы сабында турган. Ал руханий жактан өткөөл учурду баштан кечирип жаткан кыргыз элинин кыйчалыш мезгилинде көсөмдүк, даанышман жактары менен айырмаланып, коомчулуктагы болуп жаткан жат көрүнүштөргө үн кошуп, ак сакал катары өмүрүнүн акырына чейин акыл насаатын айтып келди. «Бизге кур намыс эмес, ар намыс керек» деген сыяктуу макалалары Бексултан Жакиевди өзүн драматург гана эмес, публицист катары да көрсөтүп, Кыргыз Республикасынын Баатыры катары өзүн коомго, мамлекетке керектүү адам экендигин далилдей алды.

Белгилүү драматург, кинодраматург, публицист жана жазуучу, коомдук жана саясий ишмер, кыргыздын даанышман адамы Бексултан Жакиев өмүр, чыгармалык жолунда мамлекет алдында жасаган иши жогору бааланып, «Кыргыз Республикасынын Баатыры», III даражадагы «Манас» ордени, «Даңк» медалы, Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын, Казакстандын Төлөгөн Айбергенов атындагы эл аралык сыйлыгынын, Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыгынын лауреаты жана Казакстан Республикасынын «Астана» медалдары менен сыйланган.

Кыргыз Республикасынын маданий, коомдук, саясий турмушунда маанилүү орунду ээлеген, кыргыз тарыхында мыкты инсандардын катарын толуктаган Бексултан Жакиев жогорку адамдык парасаты, бийик адамгерчилиги жана мекенчилдиги менен биздин эсибизде түбөлүк сакталат.

Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

С. Н. Жапаров, Т. Т. Мамытов, У. А. Марипов, Н. Ж. Бакирова, Р. И. Отунбаева, С. Ш. Жээнбеков, С. С. Касмамбетов, А. К. Касымалиева, Н.Ө. Сыдыгалиев, И.Ш. Өмүркулов, Ж. К. Турускулов, М. К. Алимбеков, Б.Э. Төрөбаев, А. Т. Сулайманов, С. К. Нышанов, Г. С. Молдобекова, Б. С. Турусбеков, С. К. Ибраев, А. Э. Новиков, У. Т. Кармышаков, Ж. А. Асанкулов, А. Б. Бейшеналиев, А. С. Бейшеналиев, К. О. Иманалиев, К. Б. Базарбаев, Ж. У. Саралаева, Б. Ж. Кудайбергенов, Э. Н. Жантаев, Т. Садыков, М. Мамакеев, Э. Акрамов, А. Алымкулов, М. Мамытов, Т. Акматов, М. С. Жуматаев, Р. Айтматова, Ж. Түмөнбаева, Т. Чыңгышев, Э. С. Каптагаев, Т. Т. Казаков, М. А. Бегалиев, А. Абдыкалыков, Н. Калыбеков, О. Султанов, М. Т. Байжиев, К. Жусупов, Т. Мамеев, М. Абакиров, К. Жусубалиев, С. Станалиев, А. Өмүрканов, Ш. Дүйшеев, М. Ааматов, К. Бакиров, Садык Шер-Нияз, К. К. Иманалиев, С. Суслова, С. А. Раев, Т. Тургуналиев, Ж. Кулмамбетов, М. У. Алышбаев, К. Ы. Турапов, К. А. Осмонов, С. Жетимишов, К. Ашымбаев, А. Рыскулов, М. Мамазаирова, А. Жакшылыков, А. Султанбаев, А. Акматалиев, Т. Чокиев, С. Токтакунова, Д. Жалгасынова, К. Сартбаева, Г. Базаров, М. А. Бектеналиев, У. Полотов, Г. Мамашева, Г. Момушева, А.А. Өзүбеков, Е. Ю. Кузнецов, А. К. Тилебаев ж. б.

Пикир

Оставить комментарий