• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик айыптоочу: 2013-жылы Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча долбоор $150 млн бааланган

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо иши боюнча ачык соттук жараян өтүүдө. Сотто Инара Гилязетдинова төрагалык кылууда.

Сотто тараптардын жарыш сөзү башталды. Учурда мамлекеттик айыптоочу тарап чыгып сүйлөп жатат.

Мамлекеттик айыптоочу билдиргендей, президенттин жарлыгы менен 2013-жылы өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынган. Анда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору көрсөтүлүп, ишке ашыруу мөөнөтү 2014-2017-жж., баасы 150 млн АКШ доллары деп бааланган. Бул чыгымдар негиздүү болгон.

Мамайыптоочунун айтуусунда, өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында долбоордун катышуучулары подрядчик "Электр станциялары" ААКсы экендиги айтылып, президенттин аппараты катышып жаткандыгы тууралуу көрсөтүлгөн эмес.

Эскерте кетсек, эксперттердин тыянагы боюнча “Бишкек ЖЭБин модернизациялоо” долбоорун даярдоо, кол коюу жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекетке 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян келтирилген.

Мындан улам, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков, экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев, ЖКнын депутаты Осмонбек Артыкбаев, Улуттук энерго холдингдин мурдагы башчысы Айбек Калиев, “Электр станциялары” ишканасынын мурдагы башкы директору Салайдин Авазов, Улуттук энерго холдингдин башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо башкарма тобунун директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы финансы министри Ольга Лавроваларга кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий