• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Мамлекеттик айыптоочу мурунку депутат Исаковду 12 жылга эркинен ажыратууну суранды

Укук тартиби 0

Бишкек, 27.12.18. /Кабар/. Мамлекеттик айыптоочу КСДП партиясынын мурунку депутаты Музаффар Исаковду мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга соттоону суранган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда депутаттын иши боюнча соттук процесс болуп өткөн.

Жыйын учурунда прокурор Исаковду күнөөлүү деп таап, тиешелүү чара көрүүнү суранган.

Эске сала кетсек, Музаффар Исаков Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы кызматын ээлеген кезде коорупция жасаган деп айыпталууда.

Тергөөдө маалым болгондой, Исаков айыл-чарба үчүн колдонууга ылайыкташтырылган жерлерди жеке курулуш үчүн мыйзамсыз берип койгон. Аталган кылмыш иши боюнча дагы 8 адамга айып коюлган.

Пикир

Оставить комментарий