• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 млрд сом бөлүндү

Өкмөт 0

Бишкек, 24.03.22. /Кабар/. «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору бекитилди. Тийиштүү чечимди министрлер кабинети финансы системасынын ресурстарын мобилизациялоо боюнча иш-чараларга дем берүү, агрардык секторго колдоо көрсөтүү, КР президентинин агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, жеңилдетилген кредиттик каражаттар менен камсыз кылуу жолу менен агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү максатында кабыл алган.

«Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна (ААК) – 5,5 млрд сом жана “РСК Банк” ачык акционердик коомуна 4,5 млрд сом бөлүп берүүсү тапшырылды.

Чечимге ылайык, фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке жактарга кредит берилет:

– 300 миң сомго чейин, 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен күрөөсүз негизде;

– 500 миң сомго чейин, 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү, күрөө менен камсыздоо менен.

Жылдык жүгүртүүсү 1 миллион сомдон ашык болгон фермердик чарбаларга катышуучу-банктардын ички ченемдик укуктук актыларына ылайык күрөө менен 36 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен 5 миллион сомго чейин кредит берилет.

Кредиттин ставкасы жылына 6% түзөт.

Кластердин агрегаторлору (тамак-аш, кайра иштетүү өнөр жайы жана СЛБ ишканалары), үрөн өстүрүү, асыл тукум чарбалары жана мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле тамак-аш өнөр жайынын жаңы түзүлгөн ишканалары үчүн –150 млн сомго чейин бардык кластерлер үчүн 60 айга чейин кайтаруу мөөнөтү менен негизги каражаттарды сатып алууга жана күрөө менен камсыздалган жүгүртүү каражаттарына берилет.

Лизингде кредиттөөнүн мөөнөтү 60 айга чейин, айыл чарба техникасынын лизингине 10 пайыздан кем эмес жана айыл чарба жабдуусунун лизингине 30 пайыздан кем эмес баштапкы төгүм төлөө шарты менен берилет.

Пикир

Оставить комментарий