• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча сунуштарды чогултуу жана талдоо улантылууда

Өкмөт 0

Бишкек, 24.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча сунуштарды чогултуу жана талдоо улантылууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Учурда премьер-министрдин 2020-жылдын 6-ноябрдагы № 551 буйругу аркылуу түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын тутумун реформалоо боюнча сунуштарды иштеп жана талдап чыгуу боюнча иштер улантылууда.

Ведомстволор аралык жумушчу комиссиясы башкаруунун оптималдуу түзүмүн жана мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын өз-ара аракеттешүү тутумун уюштуруу жана көйгөйлөрдү ар тараптуу карап чыгуу максатында жарандык коом өкүлдөрүн, бизнес-коомчулукту жана көзкарандысыз эксперттерди мамлекеттик башкаруу тутумун реформалоо боюнча өз сунуштарын Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратына жөнөтүүгө чакырат.

Сунуштарды төмөнкү электрондук почтага жөнөтүүнү өтүнөбүз y.bedash@mail.gov.kg же ukaev@mail.gov.kg

Байланыш телефондору: (0-312) 96-01-73 же 96-01-76.

Пикир

Оставить комментарий