• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан 11,5 млн сомдук аткезчилик жүк кармалды

Коом 0

Бишкек, 04.04.22. /Кабар/. Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери 11,5 миллион сом тегерегинде аткезчилик жүктү кармашты. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз алып өтүү фактыларына бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Торугарт - Бишкек жолунда Түндүк-Чыгыш бажысынын контрабанда жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан «Торугарт-Бишкек» жолунда Mercedes-Benz Actros жана Volvo үлгүсүндөгү чиркегичтери менен унаалар кармалган.

Алуучу ЖЧКнын өкүлү «К.Ш.Т» аттуу жарандын катышуусунда автоунааларды текшерүүдө балдар арабалары, самокаттар, тамактандыруу үчүн отургучтар, бешиктер, велосипеддер сыякттуу товарлар табылган. Аталган жүктүн ЕАЭБдин бажы аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган тиешелүү жүк коштоочу документтери болгон эмес.

КР Соода-өнөр жай палатасынын корутундусуна ылайык, кармалган товарлардын жалпы суммасы 11 млн 458 миң 331 сомду түзөт. Бул факты тиешелүү органдар тарабынан каттоого алынып, кароо жана тиешелүүлүгү боюнча чечим кабыл алуу үчүн КР Башкы прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий