• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Бажы кызматында ишкерлердин катышуусунда унааларды бажылык тариздөө маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 07.02.23. /Кабар/. Мамлекеттик бажы кызматында бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келген жеңил унааларды бажылык тариздөө маселеси боюнча жыйын өттү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Улан Кимсанов 2023-жылы бажы алымынын чендерин жогорулатуу боюнча интернетте тараган такталбаган маалыматтарга байланыштуу бизнес өкүлдөрүнүн кооптонуусун угуп, 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирген Бирдиктүү бажы тарифинин ставкалары колдонуларын билдирди.

Ташып кирүү бажы алымынын ставкасын аныктоо үчүн төмөнкү классификациялык критерийлердин негизинде Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин Товардык номенклатурасынын 10 белгисинин деңгээлинде тиешелүү кодду аныктоо зарыл: кыймылдаткычтын тиби, кыймылдаткычынын көлөмү, транспорт каражатынын чыгарылган датасы (жылы) (жаңы же колдонулган абалы).

Жеке жактар тарабынан өздүк пайдалануу үчүн жеңил унааларды ташып келүүдө Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 20-декабрындагы №107 чечиминин №2 тиркемесинде белгиленген бирдиктүү чендер боюнча алынуучу бажы алымдарын жана салыктарын төлөөгө тийиш.

Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 46-беренесинин 1-пунктуна ылайык автоунааны ички керектөө үчүн чыгаруу бажы жол-жобосуна коюуда төмөнкү бажы төлөмдөрү төлөнөт:

- товарлардын бажы наркынын 0,25 пайызы өлчөмүндө товарларды чыгарууга байланышкан аракеттер үчүн бажы жыйымы;

- салык салынуучу импорттун 12% өлчөмүндө кошумча нарк салыгы (мындан ары - КНС). Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 310-беренесине ылайык, ЕАЭБге мүчө болбогон мамлекеттерден импорттолуучу товарлардын салык салынуучу наркы болуп, аларды ташып келүүдө төлөнүүгө тийиш болгон бажы наркынын, бажы алымдарынын жана салыктарынын суммасы саналат, КНСтен тышкары.

- Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2021-жылдын 14-сентябрындагы № 80 чечими менен бекитилген Евразия экономикалык бирлигинин Бирдиктүү бажы тарифинде белгиленген чендер боюнча ташып келүү бажы алымы (расмий маалымат: Евразия экономикалык комиссиянын веб-сайтында www.eurasiancommission.org жана МБКнын сайтында www.customs.kg. жайгашкан).

Белгиленгендей, ошону менен бирге, 2023-жылы бажы төлөмдөрүнүн жалпы көлөмүнө таасир этүүчү бажы наркын жана бажы алымдарынын тиешелүү ставкаларын аныктоо тартиби 2022-жылдагы деңгээлде сакталып калды.

Ошондой эле Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы № 74 “Өздүк пайдалануу үчүн транспорт каражаттарына тиешелүү айрым маселелер жөнүндө” чечими менен автотранспорт каражаттарынын жана мотоциклдердин кыймылдаткычынын көлөмүнүн жана чыгарылган учурун аныктоо тартиби бекитилген.

Бул тартип өздүк пайдалануу үчүн транспорт каражаты болуп саналган автотранспорт каражаттарынын жана мотоциклдердин чыгарылган мезгилин жана кыймылдаткычтын иштөө көлөмүн аныктоонун эрежелерин белгилейт.

Отурумдун жыйынтыгында Кыргызстандагы Евразия экономикалык биримдигинин бажы аймагына импорттоодо пайда болгон маселелерди изилдөө үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын компетенттүү кызматкерлердин жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий