• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Мамлекеттик бажы кызматына 8 унаа тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 05.09.22. /Кабар/. 2-сентябрда Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков менен ЕККУнун элчиси Алексей Рогов жана Япониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигеки менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Исабеков бүгүнкү күндө бажы мыйзамдары жаатында мамлекеттин тышкы соода саясатын коргоо өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи.

"Контрабандага каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бажы органдарындагы бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү жаатындагы иш-аракеттери бул кырдаалда маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Акыркы 15 жылда жана 2022-жылдын 7 айында эле бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү бөлүмдөрү тарабынан 48 миң 211 бажылык укук бузуулар жана кылмыштар боюнча жалпы суммасы 6 млрд сомдон ашык зыян келтирилген фактылар аныкталды", - деди ал.

Ошентип, Мамлекеттик бажы кызматынын укук коргоо ишмердүүлүгүнүн потенциалын чыңдоо максатында "Операциялык потенциалды жогорулатуу жана Кыргызстан менен Афганистандын чек арасынын коопсуздугун башкарууну жакшыртууга көмөк көрсөтүү" долбоорун ишке ашыруунун алкагында бажы кызматынын балансына 8 унаа берилди. Автоунааларды бажы кызматына өткөрүү боюнча макулдашууларга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий